Кечээ, 4-ноябрда БШКнын мүчөлөрү президенттикке талапкер Имамидин Ташовдун үгүт эрежелерин бузгандыгын аныктады.

БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Тагай Абдысатаровдун айтымында, үгүт материалдары 2020-жылы 24-ноябрда ЖМКларда жарыяланган.

Видеодо Ташов жалпыга маалымдоо каражаттары менен жолугушууну кандайча уюштургандыгы, 13 мүнөттүн ичинде ал өлкөнүн президенти болуп шайланып калса, алдыдагы пландары жөнүндө сүйлөшүп, шайлоо кампаниясынын айрым учурлары жөнүндө айтып бергени көрсөтүлгөн.

Өз кезегинде Ташов шайлоо өнөктүгүн жүзөгө ашыруу үчүн элден үч гана жыл сураган. “Үч жылдын ичинде мен Кытайга болгон карызды төлөйм, 30 жыл кыйналган Кыргыз мамлекетин үч жылдын ичинде калыбына келтирем”, – деп Ташов айтканын баяндамачы БШКнын отурумунда билдирди.

Буга байланыштуу жумушчу топ талапкердин аракеттеринде мыйзам бузуу белгилери бар деген тыянакка келишти. Топ протоколду түзүү жана айып пул салуу үчүн чечимди БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына маселени карап чыгуу үчүн жөнөтүүнү сунуштап, ал БШК мүчөлөрү тарабынан колдоого ээ болду.

Бул арада Акылбек Сариев талапкерге эскертүү берүүнү сунуштады.