Баткен облусунун Лейлек районундагы «Исфана» аэропорту оңдоп-түзөөдөн кийин 7-декабрда расмий ачылып, ишке кирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аэропорттун ачылыш аземине премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков катышты.


Ички каттамдарга ылайыкташкан «Исфана» аэропортун реконструкциялоо иштери 2019-жылы башталган. Быйыл июль айында аяктаган. Реконструкция иштери Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында башталганы айтылган. 


Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдиргендей, аба майданында жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттары бар, жалпы аянты 553 чарчы метр болгон жаңы аэробекет курулган. Анда каттоочу орундар, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы, эне-бала бөлмөсү бар. Долбоорду ишке ашырууга канча каражат сарпталганы айтылган эмес.

«Исфана» аэропорту союз доорунда, 1974-жылы пайдаланууга берилген. 1980-жылы техникалык маселелерге байланыштуу жабылып, иштебей калган. Аэропортто акыркы жолу капиталдык оңдоо иштери 2007-жылы жүргүзүлүп, күндүзгү ички каттамдар үчүн кайра иштей баштаган.