2020-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Колбашчылыгында, Ички аскерлердин биринчи Колбашчысы генерал-майор Анарбек Шамкеевдин 73 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Колбашчысынын орун басары полковник Марат Нуралиев, Ичи аскерлердин Колбашчылыгынын аскер кызматкерлери, ардагерлер, меймандар жана генерал-майор Шамкеевдин жакындары катышышты.


Иш-чара “Баатырлар аллеясында” жайгашкан генерал-майор А. Шамкеевдин айкелине гүлчамбар жана гүлдөр коюлуп, бир минуталык эскерүүдөн башталды.
Ички аскерлердин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, камдыктагы полковник Нургазы Кульджаев чогулгандардын алдында, генерал-майор А. Шамкеевдин артыкчылыктарынан Ата Мекенге болгон жан аябай берилгендиктин жана өздүк курам менен күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда бай күжүрмөн жана практикалык тажрыйбага ээ болгондугун баса белгилей кетти. “Ал биздин жүрөгүбүздө, кайраттуулуктун, жогорку кесипкөйлүүлүктүн, чыдамкайлыктын жана чыныгы командирдин үлгүсү болуп кала берет” – деди полковник Н. Кульджаев сөзүнүн аягында.


ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы