Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон Баяна Малаева 10-декабрда табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин 24 жаштагы Баяна Малаева Арашан айылынын Сатыбеков көчөсүндөгү үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эместиги боюнча маалымат тараган.

Баяна Малаева табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.