…Демейде тилинен жаңылган бирөөнү, ырдап койгон саясатчыны, МАИге түшүп калган ырчыны күндүн темасына айлантып, мүнөт сайын пост жазып, резонанска айлантып ийген социалдык тармактын лөктөрү 11 жашар кызды зордуктаган 3 зөөкүрдүн бирин сот актап жибергени, экинчиси динге жамынып актанып, секелек кызды “мурдатан бузулган кыз, ага аксакалдар күбө” деп кайра каралап атканы тууралуу үн катышпады. Адаттагыдай “пикирин” же пафос менен айтып көнүшкөнүндөй “позициясын” билдиришпеди. “Чырактай кызымдын келечеги талкаланды” деп боздогон атанын көз жашын көрмөксөнгө салып койдук…
Биз бул нерсеге табу катары карап, көйгөйдү ачык айтып, ачык күрөшүүгө “ыйманыбыз” жол бербей, ал эми бул маселеге көңүл бурдурууну каалагандарды “батышчылдар” деп тергеп аткан чакта, кыздарга ыдык көрсөтүү коомдо нормалдуу көрүнүшкө айланып барат. Мурда жашы жете элек өспүрүм кыздарга психикалык жактан жабыркаган чоочун бирөө кол салса, эми өз агайы, кесиптеши, жетекчиси, бир тууганы, ал түгүл атасы ыдык көрсөткөн абалга келип жеттик…
Твиттерде отурбайм. Бирок отургандар окутушту. Кыргыз кыздары коомдук жайларда, коомдук транспортто өспүрүм кезинде эркектер тарабынан кандай абийирсиз мамилеге дуушар болгондорун ачык жазып жатышат. Пикир калтыргандардын арасында белгилүүлөр да бар. Алардын баштан кечирген окуялары дээрлик окшош. Бул эрки жетип, ал нерсе жөнүндө ачык жаза алгандар. Анте албагандар канча? Себеби, коомубузда жапайы инстинктин көзөмөлдөй албаган “эркектердин” курмандыгы болгон кыз-келиндер “жабырлануучу” эмес, “бузулган неме” катары кабыл алынып калат да…
Кечке маал үйгө келе жатам. Кара күрмөчөн, кара топучанмын. Эгер бет маңдайымда кыз келе жатса, ал менин өтүп кетишимди күтүп, четке чыга качат, же артка бурулуп, басыгын тездетет, же телефонго үңүлүп тура калат. Ансыз да кооптонуп турган кыздын/эженин/карындаштын/эненин жүрөгүнүн үшүн албай, көрмөксөнгө сала өтүп кетем. Мен аларды туура түшүнөм. Таарынбайм. Аялдар көчөдө ээн эркин баса албаган, ар дайым түпөйүлдөнүп, шекшинип, коркуп жашаган коом болгонубуз калппы же?..
Шарт, жагдайга байланыштуу жолубуз бир болуп калган группалаш, кесиптеш, тааныш кыздар менен бир такси чакыртып, чогуу кеткен учурлар көп эле болот. Кызды алгач дарегине таштап, андан соң өзүм кетем. Кыз унаадан түшүп кеткенден кийин айдоочу “эркекче” сөзүн баштайт. Кыздын жашын, каякта, ким болуп иштерин, менин аны менен кандай тааныштыгым бар экендигине кызыгат. Азыр ал кыз бул таксист менен жалгыз калса, кандай болмогун ойлоп, оюмдан кайра өзүм коркуп кетем. Бул нерсе ондон ашык ирет кайталангандан кийин, көздөгөн жерине такси менен жетүүнү каалаган карындашыма кошулуп алчу болдум. Эркин бастырбайт деп жаман көрүп атса керек. Кеп башкада экенин кайдан билсин… Билбей эле койсун…
“Гендердик теңчилдик”, “аялдардын укугу” дегенди угаар замат түшүнүп-түшүнбөй “батыш эле батыш, бузулдук эле бузулдук” деп чалкабыздан кетип атпайбызбы. А чынында ошол түшүнүктөрдүн түпкү көздөгөнү эле ушул. Аялдар эркектердин ырахатын кандыруу үчүн жаратылган жандык эместигин, көчөдө өз жолу менен кетип бараткан бейтааныш кызга жабышуу – тамаша эмес, кылмыш экендигин, эркек менен аялдын укуктары бирдей сакталышы керектигин, кыздын укугун айыл аксакалы эмес, укук коргоо органы коргоорун түшүндүрүүнү көздөйт.
Кыз тагдыры кордолгон окуялар катталганда, акыйкаттык издеп кыйкыргандардын көпчүлүгү аялдар бойдон калууда. Кыз укугун коргоого багытталган түрдүү акцияларды, жүрүштөрдү, агартуу иштерин аялдар ишке ашырып келишет. Кудум үй-бүлөдөгү зомбулукту, кыздарга карата ыдык көрсөтүүнү токтотуу бир гана аялдарга керектей. Бирок бул көйгөйдү чечүүдө эркектердин да ролу чоң экендигин түшүнүшүбүз керек. Учурдан пайдаланып, аудиториясы бар, сөзү өтүмдүү журналист, блогер агаларды бул маселеге да байма-бай кайрылып турушун өтүнөм.
Негизи бул маселенин түйүнү мыйзамдуулук орноп, билим берүүнүн сапаты жогоруласа эле чечилгени турат. Бирок реалдуулук бул нерселер жакында ишке ашпасын көрсөтүп турат. Андыктан, коомдун аң-сезимин аруулоо кайрадан эле бул нерсеге кайдигер эместердин мойнунда калууда…
Кыздардын намысын, абийирин, укугун коргой албай, бүт өмүрү алдыда турган секелек кыздардын келечегин уратып салгандарды актап аткандан кийин, улуу улут куруу жөнүндө ооз көптүрбөй эле койгонубуз оң…
Автору Нурболот Азамат