Абасынын бузулуусу, адам ден соолугуна зыяндуулугу боюнча Бишкек дүйнөдө “биринчи” орунда туруктуу туруп калды. Кыш келери менен борборду кара ыш каптап, жылдыз эмес, көк асман көрүнбөйт. Сырт эмес үйлөрдүн ичинде түтүн жыттанып, тамак, мурундар ачышат. Шаардыктардын, жаштардын, балдардын ден соолугуна өтө оор зыян келтирилүүдө. Анын азабы алдыда болушу мүмкүн.
Ыш, түтүндүн үч булагы бар:
1) Үйлөрдө, мончолордо көмүр, түрдүү пластик, таштандыларды жагуу.
2) Бишкек жылуулук борборундагы мандем.
3) Автоунаалар.
Бул абалдан чыгуунун жеңил-желпи жолу жок. Өкүнүчтүүсү өкмөттүн, мэриянын “эмне кылабыз” дегенден башка бир да идеясы жок. Сунушу жок. Демек, аракети да жок.
Негизи бул өтө оор, шаардыктарды түздөн-түз тумчуктурган абалдан чыгууну мэрия чече албайт. Бул жалпы мамлекеттик масштабда чечиле турган маселе.
1) Бишкекти төрт тарабын жаңы конуштар курчап турат. Аларда үйлөрдүн баары көмүр менен жылытылат. Адамдарды от жакпай кой дей албайсың. Сууктан эч ким карышып калбаш керек. Демек, шаардын айланасындагы үйлөрду жылытуу булагын өзгөртүү зарыл. Электр энергия, газга өткөрүү керек.
Бирок бул жерде чоң проблема бар. Электр кубаты жетишпейт. Газ кымбат. Газ системасын башка мамлекетке сатып жиберишкен. Аларга баа жагынан таасир этүү кыйын.
Электр энергиясы суудан көз карады. Бирок потенциал ушул жакта бар. Ал Камбар-Ата-1 баш болгон ГЭСтерди куруу. ГЭСтерди куруу менен, энергетикалык потенциалды көбөйтүү менен, калкка үйлөрдү жылытууну электр энергиясына өткөрүү менен Бишкектеги экологиялык трагедияны, катастрофаны азайтуу мүмкүн. Баш жол көрүнбөйт…
2) Бишкек жылуулук борборунун, Кант цемент заводунун морлорундагы тазалоочу чыпкалары (фильтрлери) өтө катуу текшерүүгө алынууга тийиш.
3) Бишкектин борбору болобу, башка жери болобу эскилиги жеткен жүк ташуучу камаз сыяктуу автонуулар чектөөсүз жүрөт. Түтүнүн көрсөң бир заводдун түтүнүндөй буркурайт. Бул жагынан чектөөлөр, чаралар көрүлүш керек. Кара түтүнү артынан буркураган автоунааларга дароо эле айып пул салынып, оңдоо буйрулуш керек.
Аба адамга эң керектүү нерсе. Суусуз адам бир-эки жума, тамак-ашсыз бир-эки ай жашай алат. Абасыз бир-эки мүнөт тура албайт.
Абдан ойлоно турган, ылдам чара көрө турган маселе.
Тилекке каршы, кыргыз саясатын аныктаган адамдар мыйзамсыздыкты борборду каптаган ыштай эле күчөтүп салышты. Мыйзамсыздык ышы да мамлекетти тумчуктуруп баратат…
Өкүнүч. Аяныч. Айласыздык. Трагедия…
Айданбек Акматов, журналист