Чехияда жашаган мекендеш, Кыргызстандын маданиятынын отличниги Александр Иванов Кыргызстандын гимнин чех тилине которгон. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

“Достор, менин кийинки кыялым акыры ишке ашканын кубануу менен билдирем. Кыргызстандын гимни кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына карата Кыргызстандын мамлекеттик гимнин чех тилине эквиритмикалык котормосун сунуштайм. Бул биринчи кыргыз гимнин кыргыз тилинен башка тилдерге которуу жана менин чех тилиндеги биринчи котормо ишим”, – деди ал.

Ивановдун айтымында, эми кыргыз гимни чехтер тарабынан түзмө-түз тилдик түшүнүккө ээ болот жана кааласа чех тилинде ырдалат.

“Гимндин текстинин котормосу жарыяланып, Чехиянын Интернеттеги баракчаларында, анын ичинде Википедияда жана кызыккан басылмаларда жеткиликтүү болот”, – деди ал.