ИИМ региондор аралык (улуттар аралык) кастыкты козутуу белгилери бар материалдарды даярдагандарга  жана тараткандарга карата кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын  эскертет

 

Президенттик шайлоого карата шайлоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу, WhatsApp жана башка социалдык тармактарда региондор аралык (улуттар аралык) кастыкты козутууга багытталган   чагымчыл материалдарды   тараткан фактылар орун алууда.

Ушуга байланыштуу,  Ички иштер министриги жана анын аймактык бөлүктөрү чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Аймактар аралык (улуттар аралык) кастыкты козутуу белгилерин камтыган материалдарды даярдоо жана жайылтуу менен жарандар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесине (расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын  эскертебиз.

Ички иштер министрлиги жарандарды “WhatsApp” мессенджеринде  жана Интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына -102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы