Россиянын президенти Владимир Путин Жаңы жылга карата жети жашка чейинки ар бир бала үчүн 5 миң рубль төлөй тургандыгын жарыялады. Бул тууралуу ал жылдык чоң маалымат жыйында билдирди.

“Быйыл, тилекке каршы, эпидемиологиялык чектөөлөрдөн улам, балдардын балатыларына байланыштуу массалык иш-чаралар жокко чыгарылды. Мамлекет биз дагы балдарыбызга белек берели деп сүйлөштүк”, – деди Путин пресс-конференциянын аягында.

Төлөмдөр 2020-жылы үч жашка чейинки балдарга ай сайын, ал эми үч жаштан он алты жашка чейинки балдарга дайындалган төлөмдөрдүн негизинде эсептелет.

Төлөмдөргө болжол менен 60 миллиард рубль сарпталат. Ал болжол менен 12 миллион балага жетет.