Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке 1 млрд 223 млн сом төктү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы эсепке 1 млрд 353 млн сом түштү, анткени Матраимовдон башка да которуулар болгон.

«Бул каражаттар республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө болуп, аталган акчанын эсебине чыгымдар, анын ичинде социалдык төлөмдөр төлөнөт», — деп маалымдады Кармышаков.