Бүгүн 24-декабрда УКМКнын төрагасы, генерал майор Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөзүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Жыйын учурунда Чек ара маселси боюнча узатылган соболго:
— “Чек ара маселеси боюнча биз коңшу мамлекеттер менен тактап айтканда, Өзбекстан, Тажикстан менен жакшы мамиледебиз. Казакстан жана Кытай менен чек араларыбызды тактап, бул боюнча бардык маселелер чечилген. Эми Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселесин такташып, бул маселени да чечебиз. Четинен акырындык менен чечилип келе жатат. Такталбаган аз гана жерлер калды. Албетте бул бир заматта, оңой эле чечиле калчу иш эмес. Жолугушуулар болуп, сүйлөшүүлөр өтө оор форматта өтүп жатат. Бирок, канчалык оор болсо да бири-бирибизди түшүнүү менен карап жатабыз. Эн негизгиси ушул, демек мындай темп менен биз бул маселени чечебиз деп ойлойм” — деген жообун узатты.