Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматы менен Ош ОИИБдин КМКнын ыкчам кызматкерлери карактоого шектелген мурда соттолгон төрт жаранды кармашты.


2020-жылдын 15-декабрь күнү болжол менен саат 02:30 чамасында, Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган 57 жаштагы жарандын үйүнө бет капчан белгисиз адамдар кирип, анын колун жана бутун “скотч” менен байлап сабашкан. Үйдү тинтишип, накталай 40.000 (кырк миң) сом акча каражаттарын алып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен. Жабырлануучу Россия Федерациясынын жараны болот.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту (Каракчылык) менен КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМнин КМКнын ыкчам кызматкерлери тартылып, каракчылык менен кол салууга тиешеси барлардын өздүгүн тактоого багытталган бардык зарыл болгон иштер жүргүзүлгөн. Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин көңүлүн мурда соттолгон адамдар бурдурган соң, аларга карата ыкчам иштер жүргүзүлө баштаган.
Жакында Кыргыз Республикасынын ИИМнин КМКнын жана Ош ОИИБнын кызматкерлери ыкчам иштерин жүргүзүү учурунда кылмышка шектүү катары адам өлтүрүү, денеге оор зыян келтирүү, бейбаштык менен мурда соттолгон төрт жарандын тиешеси бардыгын аныкташты. Алар Бишкек жана Чүй облусунун жашоочулары 1987-жылы туулган Ж.уулу Б., 1978-жылы туулган А.Н, 1990-жылы туулган А.А., 1983-жылы туулган Б.С. кармалды.
Аталган кылмышка шектүү жарандар башка кылмыштарга тиешеси бардыгы текшерилүүдө. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы