2020-жылдын 28-декабрь күнү Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бекмуратов Баймурат Асатович  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Т.Мамытовдун жаңы жылдык белектерин анын атынан куттуктоо менен, окуунун мыктыларына, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй бүлөлөрдүн балдарына, ата -эне камкордугунан ажыраган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелген балдарга жана кызмат учурунда каза болгон аскер кызматкерлеринин балдарына тапшырды.

Президенттин белектери  районубуздун 13 мектеп окуучуларына берилди. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Махматалиевич Жалаловдун  жаңы жылдык белектери 24 окуучуга, райондун акиминин белектери 100 окуучуга тапшырылды. Белек алган балдар жана алардын ата-энелери, мугалимдери тарабынан жетекчилердин көргөн камкордугу үчүн ыраазычылыктар айтылды.

Булак: Лейлек районунун администрациясы