Бишкек шаарындагы бардык мектептер жана бала бакчалар 1-февралга чейин кадимки форматта иштей баштайт. Ал эми 15-январдан тарта айрымдарын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп жатып айтты.

Мэрдин милдетин аткаруучунун айтымында, баары эпидемологиялык кырдаалдан көз каранды.

«Эгер ордо калаадагы эпидемиологиялык кырдаал турукташып калса, анда 15-январдан баштап жогорку класстар мектепке барып келип окуй башташы ыктымал. Азыр аймактардагы кырдаалды да карап жатабыз. Вице-мэр Айжан Чыныбаева бул маселе боюнча иштеп жатат», — деди Түлөбаев.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Бишкектеги мектептерде 3-чейректен тарта окуу кадимки режимде башталарын кабарлаган.