Кечээ, 30-декабрда КТРКнын башкы директорунун милдетип аткарып келген Бактияр Алиев ачык сынактын негизинде 11 добуш менен башкы директорлукка тандалып алынды. Бул тууралуу КТРКнын расмий сайтында маалымдалат.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорун тандоо боюнча Байкоочу кеңештин жыйыны өттү. Анда сынакка катышкан талапкерлер өз программалары менен тааныштырышты. Жыйындын аягындагы добуш берүүдө буга чейин КТРКнын башкы директорунун милдетип аткарып келген Бактияр Алиев 11 добуш менен башкы директорлук кызматка тандалып алынды.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорлук кызматына 15 талапкер ат салышкан. Алар:

  1. Алиев Бактияр Джеңишбекович
    2. Босумбаев Сураган Раимбекович
    3. Дюшалиев Сталбек Бекжанович
    4. Казакбаев Замир
    5. Кольбаев Усен Асанбекович
    6. Кошалиев Кадырали Амиракулович
    7. Кыязов Эрнс Абибилаевич
    8. Мамбетөмүрөв Дүйшеналы
    9. Мукарамов Шайырбек Эркинович
    10. Окенова Ырыс Океновна
    11. Султанбаев Абдыкадыр Дарданович
    12. Тайтекеев Калыбек Рысбекович
    13. Тиллебаев Болотбек Кочкорович
    14. Токторов Алим Абдинабиевич
    15. Турдалиев Айбек Чыныбекович.