Бүгүн ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы балдар үйүнө жаңы жылдык белектерин тапшырышты.
Аталган иш-чарага, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги милициянын полковниги Талантбек Акматов жана анын орун басары милициянын полковниги Эрк Тажиев, Бишкек шаарынын Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунунда тарбияланып жаткан наристелерди жаңы-жыл майрамы менен куттукташып,өз белектерин, тартуулашты.
Өз кезегинде, Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунун директорунун орун басары Гульжан Ашимова, Күзөт кызматынын жетекчилигине терең ыраазычылыгын билдирип, жетектеген балдар үйүндө төрөлгөндөн 4 жашка чейинки наристелердин жашоо шарттары менен тааныштырып, эң керектүү болгон кем-карчылары толукталгандыгын белгиледи.
Жыйынтыгында милициянын полковниги Талантбек Акматов балдар үйүнүн кызматкерлерине жана наристелерине каалоо тилегин айтып, келе жаткан жаңы жылдык майрамы менен куттуктады.
ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы