Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Кыргыз элин жаңы 2021-жылы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө узап бара жаткан жыл Кыргыз өлкөсү үчүн оор жылдардын бири болгонун белгилеп, жаңы жыл мамлекетке өнүгүүнү, бейпилдикти, тынчтыкты алып келген жыл болсун деген тилегин билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу менен биргеликте, 2020-жылдын каармандары болгон саламаттыкты сактоо, укук коргоо, спорт тармактарынын, ыктыярчылардын, элдик кошуундун өкүлдөрү да куттукташты.

Куттуктоонун толук тексти:

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кирип келе жаткан Жаңы 2021-жыл менен чын жүрөктөн куттуктоого уруксат этиңиздер!

Биз — баарыбыз ар жылы, 31-декабрда, бир адам — Кыргыз Республикасынын Президенти жаңы жылдык куттуктоо сөз айтаарына көнүп калганбыз.

Бирок өтүп бараткан жыл бурулуш жыл болду.

Кыргызстандын эң чоң сыймыгы айкөл элибиз экенине күбө болдук.

Өлкө башынан өткөргөн оор күндөрдө элибиз, мамлекет жасай турган иштердин „жеңилин жерден, оорун колдон алып“, тең бөлүштү.

Мына ошондуктан, бул жылы кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен дал ошол биздин замандын каармандары дагы куттукташы керек деп эсептейм!»

Медицина кызматкери:

— Кыргыз элибизге чың ден соолук, узун өмүр тилейм жана эң жакын адамдарыбыз жаныбызда болушун каалаймын!

Укук коргоо кызматкери:

— 2021-жыл тынчтыктын жылы болушун каалаймын. Асманыбыз ачык болсун!

«Тазалык» ишканасынын кызматкери:

— Дем алган абабыз таза болсун! Жалпы өлкөбүздө, шаарларыбызда тартип болуп, таштанды ташталбасын!

Спорт чөйрөсүнүн өкүлү:

— Биз өлкөбүздөн дүйнөлүк чемпиондор көп чыгышын каалайбыз! Албан-албан ийгиликтерге жетели! 2021-жылыбыз жаңы жеңиштер менен коштолсун!

Мугалим:

— Биздин жаштарыбыз дайыма билимдүү болсун! Анткени мамлекетибиздин эң чоң улуттук байлыгы — бул биздин билимдүү жаштар. Көп улуттуу өлкөбүздө ар дайым тынчтык, бейпилдик жана өнүгүү болсун!

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов:

Урматтуу кыргызстандыктар!

Жаңы жыл менен эски жыл тогошоор алдында Күрөш боюнча дүйнөлүк мелдеште Кыргызстаныбыздын байрагын бийик желбиреткен балбандарыбыздын ийгиликтерин дагы жакшылыкка жоруйлу.

Келерки жылда да ушундай жетишкендиктер уланып, жеке эле спорт тармагы эмес, бардык чөйрөлөрдө ийгиликтер коштолсун!

Кымбаттуу мекендештер!

Биз — баарыбыз кыргызстандыкпыз!

Мекени бир болгон ынтымактуу элдин максаты да бир болушу керек!

Ал — Кыргызстандын жаркын келечеги, элибиздин бакубат турмушу.

Сүйүктүү Кыргызстаныбыз келечекте чыныгы демократиялуу, ар тараптан өнүккөн мамлекеттердин катарына кошуларына терең ишенем. Биздин бардык күч-аракеттерибиз да мына ошого багытталган.

Мен 2021-жылы өлкөбүздө өзгөрүүлөр көп болуп, Кыргызстан үчүн жаӊылануунун жылы болушун тилейм!

Ал өзгөрүүлөрдүн башаты Президенттик шайлоо менен мамлекеттин башкаруу формасын аныктап алууда тургандыгы жалпы элге белгилүү.

Жаңырган жылдын 10-январына белгиленген Президенттик шайлоо менен катар Кыргызстандын мындан ары карай өнүгүшүн шарттай турган, жарандардын турмуш деңгээлин жакшыртууга өбөлгө боло турган башкаруу системасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт.

Мекенибизде өзгөрүүлөрдүн болушун каалаган жарандар атуулдук парзын аткарып, добуш берүүгө сөзсүз келип, Кыргызстандын жаңы багытка бет алышын кубаттап, бул саясий окуяларга кайдыгер карабастан, адилеттүү, эл үчүн күйгөн, татыктуу мамлекет башчысын чын дили менен шайлайт деп ишенем!

Кыргызстан — жаратылышынын кооздугу, кен байлыктарынын молдугу жана өнүгүү үчүн болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөргө ээ болгондугу менен эле эмес, эмгекчил, ак ниет эли менен да сыймыктана ала турган улуу өлкө!

Биз, эр жүрөк дарыгерлерибиз, мугалимдерибиз, укук коргоо жана аскер кызматкерлери, кыйынчылыкта тикесинен тик туруп берген элдик кошуундун өкүлдөрү жана мамлекетибиздин тагдырына кайдыгер карабаган бардык жарандарыбыз менен байбыз жана улуубуз!

Өлкө Президентинин милдетин аткаруучу катары пандемия маалындагы окуялар үчүн жалпы мамлекеттин атынан кечирим сурайм. Пандемияга байланыштуу мындай окуяларга бир дагы мамлекет, анын ичинде биз дагы даяр боло алган жокпуз.

Тилекке каршы, пандемияда көп мекендештерибизди, белгилүү инсандарыбызды да сактап кала албадык. Коронавирус илдетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Алардын жаркын элестери жүрөгүбүздө дайыма сакталат.

Башынан нечендеген кыйынчылыктарды өткөргөн, көп кылымдарды карыткан тарыхы бар, биздин акылман жана күчтүү элибиз өнүккөн өлкөдө жашоого татыктуу.

Бул үчүн биз бардык аракетибизди жумшайбыз. Келиңиздер, Мекенибиз жөнүндө, балдарыбыздын жана Кыргызстаныбыздын келечеги жөнүндө ойлонолу!

Биригүүгө жана жалпы максатты көздөй бирге кадам шилтөөгө мезгил келип жетти!

Ылайым, 2021-жыл — жаңылануунун жана жагымдуу өзгөрүүлөрдүн жылы болсун!

Жаңы жылда жалаң жакшылык жылоолоп, алдыга койгон ой-максаттар орундалышына тилектешмин!

2021-жыл Кыргызстан үчүн, жалпы элибиз үчүн акжолтой жыл болсун!

Ар бир үй-бүлө бакубатчылыкта, жетишкендикте жана бардарчылыкта жашасын!

Жаңы жылыңыздар менен!»