Кылмыш-кырсык

УКМК Ошто теракт жасоону пландаган жаранды кармады

 31-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз өлкөсүнүн аймагында пландалган терактынын алдын алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара коңшу мамлекеттердин биринин атайын кызматтары менен биргеликте жүргүзгөн иштин натыйжасында болгон жана окуяга байланыштуу Ош облусунун аймагында Кыргыз жараны кармалган.

«Кармалган адам эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болгон. Башчысынын көрсөтмөсү менен облустун аймагында аскердик бөлүктөрдүн биринде террордук акт жасоо үчүн колго жасалган жарылуучу зат даярдамак экен», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган адамдын жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүү учурунда камуфляж формасынын комплектиси, жилет, аскердик бут кийим, дүрбү, бүктөлүүчү бычак жана чет тилдеги баракчалар табылган.

Ал УКМКнын Башкы башкармалыгынын Ош шаардык жана облустук тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иши жүрүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button