Ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков кызматтык иш сапар менен барып Ош шаарынын,  Ош жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилик  жана өздүк курамы менен жолугушуп жыйын өткөрдү. Анда  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жана шайлоого чейинки үгүт иштери учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо маселелерин текшерүүгө алып, аталган маселеге байланыштуу жергиликтүү милиция жетекчилери менен чогулуш өткөрүп учурдун маанилүү маселелерин талкуулады.

Сүйүнбек Өмүрзаков алдыда боло турчу шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту өзгөчө жогорку денгээлде көзөмөлдөөнү, мыйзамдуулукту сактап, кызматтык тартипти бузбоону талап кылды. Ошол эле учурда кызматкерлерди шайлоо күнү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоо жана алардын кызмат өтөөсүнө тиешелүү шарттарды түзүп берүү зарылдыгын белгиледи.

Ош шаардык,  Ош жана Жалал-Абад  облустук милициянын жетекчилик курамына шайлоо тилкелеринде  күзөттү күчөтүү жана ар кандай тартип бузуулар боло турган болсо өз убагында мыйзам чегинде ыкчам чараларды көрүү керектигин да белгилеп, коомдук тартиптин сакталышы боюнча  кошумча тапшырмаларды белгиледи.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы