Каныбек Бакиров (Каракол шаары):
— Эгерде сиз президент болуп шайланып калсаңыз, алгачкы үч айдын аралыгында кандай иштерди бүтүрөт элеңиз?
— Каныбек, «Итке темирдин кереги жок» – деген макалды уккан белеңиз?
— Уккам… Ха,Ха,Ха …Бирок биздин өлкөнүн Кониституциясынын итке деле, адамга деле кыйялданууга тыюу салган беренеси жок да. Сиз Эл артисисиз го… Бир кыялданып көрбөйлүбү, байке?
— Мейли. Андай кызматка шайланып калсам, эң оболу бүткүл Кыргызстандын жумурай-журтунун алдында мыйзамга жараша ант бергенден кийин, жаныма Сонунбүбү Көлбаеваны чакырып келип, аны телевидение аркылуу жакшылап көргөзгүлө деп суранмакмын.
— Кечиресиз, Сонүнбүбү Көлбаева деген ким?
— Ал менин жубайым. Инаугурация залында жана бизди теледен көрүп турган элге: «Ушул менин жубайым, маалында «сары катын» деп ыр арнаган байбичем. Кесиби врач. Илимдин кандидаты. Ишинен тышкаркы милдети: уулум экөөбүздүн жакабызды кирдетпей, курсагыбызды ачырбай багат. Багыма жараша жакшы аял. Бирок, байбичем канчалык жакшы, канчалык сарамжал, канчалык билимдүү жана акылдуу болбосун, Кыргызстандын калкы аны эмес, мени шайлады да президент кылып. Андай болгондон кийин, о касиеттүү журт, мына бул менин жубайымды саясий аренадан биринчи жана акыркы жолу көрүп жатасыңар, себеби Сонунбү Көлбаевна буга чейин кандай жашап келсе, ошонусунан кенедей да өзгөрбөй жашай берет. Мамлекеттин ишине кийлигишпейт. Республиканын кадр тандоо саясатын тейлебейт. Эч кандай фонду-сонду, банк-санк, биргелешкен жана өз алдынча чакан-чукан ишкана ачпайт. Ушулардын бирөөнө эле аралашканы билинген күнү, мен токтоосуз отставкага кетемин» — деп айтмакмын.