КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпулду алуунун жол-жоболорун маалымдайт.
Кайсы үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун ала алат?
«Үй-бүлөгө көмөктү» төмөнкү үй-бүлөлөр ала алат:
16 жашка чейинки балдары бар;
Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, б.а. 1000 сомдон төмөн болсо.
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо үчүн кайда кайрылуу керек?
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек, муну менен катар катталган жери мааниге ээ эмес.
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынат?
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо эске алынат:
айлык акы, стипендия;
ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде);
жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар.
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынбайт?
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт:
– пенсиянын бардык түрлөрү;
– мамлекеттик жөлөкпулдар;
– сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар;
– кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар;
– жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар жана башкалар.
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу кандай өлчөмдө дайындалат?
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмү 810 сомду түзөт.
Эгерде үй-бүлө райондук коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу, алыскы же жетүүгө кыйын жерде жашай турган болсо, анда жөлөкпул коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт.
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоо үчүн кайсы документтер керек?
паспорт;
балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси тууралуу маалымат;
банктык маалымдаректер.
Эгерде тиешелүү мамлекеттик органдардын маалымат базасында керектүү маалматтар жок болсо, кошумча төмөнкү документтер талап кылынат:
жердин өлчөмүн жана түшүмдүүлүгүн көрсөтүү менен жердин барлыгы тууралуу маалымкат;
мал чарбасынын түрү жана саны тууралуу маалымкат;
статусту же кирешени тастыктоо зарылдыгына жараша башка документтер.
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоого ким кайрыла алат?
Ата-эненин бири (же камкорчу). «Үй-бүлөгө көмөк» бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө, дайындалат, бала 16 жашка чыкканга чейин гана!