Кыргызгидромет дем алышка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Ага ылайык, бул аптанын аягында өлкөнүн дээрлик көпчүлүк аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй менен Таласта абанын температурасы ишембиде күндүз -1…-6 градус суук болсо, жекшембиде, шайлоо күнү, сууктун мизи бир аз кайта турганы айтылды.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында да ишемби күнү аба ырайы суугураак, жекшембиде салыштырмалуу жылуу болушу күтүлүүдө.

Ысык-Көлдө ишембиде күндүз абанын температурсы -4…+1 градус болсо, жекшембиде -2…+3 градус боло турганы божомолдонду.

Нарында 9-январда абанын температурасы -7…-12 градуска жетип, эртеси күн жылышы ыктымал.

Ал эми ордо калаада ишембиге караганда жекшембиде күн бир аз жылып, абанын температурасы 5…7 градуска жетет.