Коом

Видео. Садыр Жапаров «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» тууралуу

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы мурда «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» партиясында иштегендердин дээрлик көпчүлүгү Жапаровдун штабында кызмат кылганын айтып, «экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тагдырын кайталап калам деп коркпойсузбу?» деген суроо узатты.

«Жок, антип коркпойм. Анткени эч кимдин алдында милдеттенме алган жокмун. «Биримдикпи», «Мекеним Кыргызстанбы» же «Мекенчилби» мени жакшы келечектен үмүт кылып алып келди. Ар ким өзүнүн кызыкчылыгы, мамлекеттин жана бала-чакасынын келечеги үчүн иштеди. Алар мени көз каранды кылып алайын деп бийликке алып келген жок. Ошондуктан мен алардын алдында милдеттенме албайм, алган да эмесмин. Мен болгону мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштейм», — деди Жапаров.

Бүгүн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча эң көп добуш алган талапкер Садыр Жапаров штабында билдирүү жасап, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Булак: https://sputnik.kg/video/20210111/1051064092/sadyr-zhaparov-talapker-ishtoo.html

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button