Лейлек РИИБнүн Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, ыкчам кызматкерлер менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө аракет кылган жаранды кармашты.


Башында Лейлек РИИБнүн Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-берене (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүштү жүргүзө баштаган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен 2021-жылдын 12-январында Исфана шаары аркылуу өтүүчү “Ош-Исфана” жолунда Бишкек шаарына каттаган “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаада бара жаткан Ош облусунун Кара-Суу районунун 32 жаштагы тургуну Н.Ага өздүк кароо жүргүзүлгөн. Анын жанынан өзгөчө жыты бар, баштыкка оролгон 1 даана болжол менен салмагы 1 килограмм 600 граммдан ашуун күрөң түстөгү зат табылып алынган.
Алынган затка экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусунда ыайык, табылып алынган баңгизат гашиш экендиги аныкталды.
Ал эми тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары кармалган 32 жаштагы Н.А. өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмыштуу шериги Бишкек шаарында экендигин билдирген.
Лейлек РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин жана Бишкек шаарындагы Ленин РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүшкөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкек шаарынан Ош облусунун Кара-Суу районунун 39 жаштагы И.Ш. аттуу тургуну аныкталып кармалды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип кармалгандар мурда оор берене менен соттолгондугу аныкталды.
Азыркы күндө кылмышка шектүү кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы