2021-жылдын 15-январында УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча кызмат адамына пара берип жаткан жеринен чет мамлекеттердин биринин жараны 1983-жылы туулган Г.С. жана анын шериги 1986-жылы туулган К.А. кармалды.

Такталган боюнча, кармалган адам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерине К.А. аттуу жергиликтүү тургунду ортомчу кылып коңшу мамлекеттин аймагына өткөрмө пунктан тышкары жерден мыйзамсыз өткөрүү үчүн акча каражатын сунуш кылгандыгы аныкталды.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.