Учурдагы коомчулуктун көйгөйү болуп жаткан авиакаттамдар Дайырбек Орунбеков төмөнкүдөй пикирин билдирди.
«Урматтуу достор, учурда аябай актуалдуу болуп, талкууланып жаткан авиакаттамдар боюнча маалымат берип өтөйүн.
Пандемиянын айынан көптөгөн өлкөлөрдүн чек аралары жаздан бери жабык туруп, сентябрдан бери каттамдар ачылган. Бирок жүргүнчүлөрдүн өзгөчө себептери эске алынып учууга уруксат берилет.
Март айынан тартып Россия чет элдик жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын өз аймагына кирүүсүнө чектөө койгон.
Киргизген чектөөлөрдөн улам, биздин жарандарыбыз ал жакка бара албай жаткан учур. Турмуш тиричилиги ал жакта болгон миңдеген мекендештерибиз үчүн мындай жагдай нааразычылыктарды, түшүнбөстүктөрдү жаратып жатат. Кызуулукка алдыргандар — себептин төркүнүн тактабай эле аэропортту сөгүп жатканын окуп жатам.
Айыптап жаткандар — билеттин кымбаттыгын, Россия тарап талап кылган справкаларды айтышууда.
Ушуга байланыштуу тактоо киргизип кетейин, “Манас” эл аралык аэропорту авиабилеттер менен иш алып барбайт, алардын бааларын коюп жана жөнгө сала албайт. Андай полномочие берилген эмес.
Ошондой эле, авиакомпаниялар менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы эч кандай каржылык мамиле менен алектенбейт.
Каттамдарды жума күндөрү “Аэрофлот” жана “Авиа Траффик” авиакомпаниялары аткарууда. Россия Федерациясынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары коронавируска тест (ПЧР) ПЦР анализин Россия Федерациясына келгенге чейин 3 күндөн (72 саат) эрте эмес алынышы зарыл.
Мындан тышкары, «Аэрофлот», «S7» жана «Урал аба жолдору” авиакомпаниялары аркылуу Россиянын жарандары үчүн, жана ошондой эле түрдүү себептер менен учууга мажбур болгон Кыргызстандын жарандары (Россия жарандарынын ата-энелери, балдары, жубайлары; жашап турууга уруксаты бар жарандар; чакыруулары бар дарыланууга муктаж адамдар, мекендештерди көчүрүү боюнча мамлекеттик программанын катышуучулары) үчүн чартердик каттамдар аткарылууда.
Бул негиздердин бар экендигин авиакомпаниянын өкүлдөрү билет сатып алып жатканда жана учакка отурууда текшерет, “Манас” эл аралык аэропорту ”ААКнын кызматкерлери текшерүүлөрдү жүргүзбөйт.
Учактын бортуна жүргүнчүлөрдү кабыл алуу боюнча бардык чечимдерди аэропорттун кызматкерлери эмес, авиакомпаниялардын өкүлдөрү кабыл алышат.
Буга чейин, Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация агенттиги жакынкы чет өлкөлөргө (РФ) учуу жыштыгын көбөйтүү боюнча россиялык тарап менен маселени чечишээрин билдирген.
“MЭА” ААК бардык жүргүнчүлөрдөн авиабилеттер жана Россия Федерациясына кирүү талаптары боюнча авиакомпанияларга же Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине кайрылууну өтүнөт.
Аэропорттордо белгисиз адамдардан учуу үчүн кошумча акы төлөө талабы келип чыккан фактылар болгон учурда, сизден милиция кызматкерлерине же АТС нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну өтүнөбүз: 0312) 693535 и (03222) 90020. Ошондой эле, аэропорттун ыкчам нөөмөт башчысына кайрылууга болот: (0555) 587810.
Урматтуу мекендештер, айрым адамдар мындай оорчулукту маалыматтык манипуляция кылып, аэропорттун жетекчисине каршы каралоо үчүн пайдаланып жатышат. Аэропорттун кызматкерлери, жетекчиси жана тийешелүү органдар дагы мекендештерибиздин эркин уча албай жатканын оор кабыл алып жатабыз.
Блогермин деген жарандар — аэропорттун аймагына кирип алып, өздөрүнүн көрүүчүлөрүн көбөйтүш үчүн эрежелерге каршы келген аракеттерге барып жатат. Бардык тараптарды айыптоодон мурда, себептерин тактап алып, андан кийин аракетке өтүүгө чакырабыз.
Элди түйшүккө салып, оорчулук жараткан пандемиядан кутулуп, эркин жашообузга кайтып келсек деген тилегибиз чон. Сабырдуу бололу, суроолор болсо жогорудагы телефондор менен байланышып, тактап алсаныздар болот.
Аэропорттун жамааты өзүнө тийиштүү милдеттерди так жана сапаттуу алып барууга бүткүл күчүн жумшайт» — деп жазган.