2021-жылдын 16-январь күнү Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери «Мал уурулук» аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чараларын өткөрүп жатып, 16-январь таңкы саат 05:50 чамасында Нарын районунун аймагынан УАЗ үлгүсүндөгү автоунаасын тосуп текшерген учурда Нарын районунун тургундары Солтон-Сары жайлоосунун Көл-Төр участкасынан алтындын курамы бар делген өңү ак түстөгү 3 даана капка салынган таштарды алып келе жаткан жеринен кармалган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: УАЗ үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Нарын районунун Эмгекчил айылынын тургуну 1998-жылы туулган К.Б, ушул эле айылдын тургундары 1999-жылы туулган Т.А, 2000-жылы туулган А. А, 2000-жылы туулган М.Н. жана 1999-жылы туулган Ж.Т. чогуу алып келе жатышкандыгы боюнча көрсөтмө берген.

Аталган факты Нарын РИИБи тарабынан каттоого алынып,алынган ак түстөгү таштарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы