Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев бүгүн, 18-январда ыкчам тергөө тобу менен бирге Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборуна барды.

Маалым болгондой, алар жабдыктарды, фильтр жана көмүрдүн абалын текшеришти.

Белгилей кетсек, буга чейин Каржы полициясы Бишкек ЖЭБдин жоопту кызматкерлеринин үстүнөн сотко чейинки өндүрүш ишин баштаганын билдирген.

Аталган факт Жазык кодексинин 233-беренесинин (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде КБЖРга катталган.