Кыргыз Республикасынын өкмөтү 20-январда отставкага кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, кезексиз президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкканда, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматынан кетип, азыркы өкмөт отставкага кеткен.
«Ушул эле документ боюнча өкмөттүн убактылуу милдетин аткаруучу мүчөлөрүнө жаңы өкмөт шайланганга чейин өз милдеттерин аткаруу милдети жүктөлгөн», — деди президенттин аппарат башчысы.