Кечээ, 22-январда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында заман талабына жооп берген кол күрөш залы ачылды. Бул тууралуу кол күрөш боюнча КРнын башкы машыктыруучусу Каныбек Эсенгелдиев билдирди.

Анын айтымында, мындай саамалык жаштардын демилгеси менен ишке ашырылган. Алар атайын спорт залды ачуу үчүн «Дем берүүчү грантка» долбоор жазышкан. Алар 1550000 сом сарпташып, ал эми жаштар өз ыктыярлары менен 300000 сом каражат топтошкон. Мунун натыйжасында заманбап спорт залы пайдаланууга берилди.

«Спорт залда кол күрөшдөн тышкары оор отлетика, паурлифтинг боюнча дагы машыга алышат. Өсүп келе жаткан жаштарга жана жашы улгайып калгандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду. Алар убактысын бөлүп, каалаган убакта келип, машыгып кетишсе болот. Спорт залдын эшиги ар дайым ачык, атайын машыктыруучулар дагы кол кабыш кылып турмакчы»,-деди Каныбек Эсенгелдиев.