Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи 28-январда өтөт. Ага мурунку өлкө башчыларынан Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков чакырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек  билдирди.

Анын айтымында, инаугурацияга көптөгөн коноктор чакырылган. Учурда тизме такталууда.

Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи 28-январь күнү Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.