Жети-Өгүз районундагы Ак-Дөбө айылында 150 орундук жаңы мектеп ишке берилүү алдында. Азыркы тапта мектепке керектүү эмеректер камсыздалып, окуу процессине даярдык көрүлүүдө. Бул мектептин курулушун Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду колдоого алып жалпы 31 миллион сом бөлүнгөн.
Мектеп имаратында баардык шарттар каралган. 2020-жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан жалпы облус аймагында 8 социалдык объектилердин курулушу жүргүзүлүп, толугу менен ишке берилди.