Бишкек мэриясы «Ош базарынын» аймагын иретке келтирип, андагы сойкуканаларды жоёт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Ленин акимчилигине сойкуканаларды уюштурууну токтотуу жана коомдук тартипти сактоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болуп өткөн.

«Чүй проспектиси, Бейшеналиева, Павлов, Рыскулов көчөлөрүнүн айланасындагы сойкуканаларды жоюу маселеси талкууланды. Райондук акимчиликтин кызматкерлерине райондо тартипти туруктуу камсыздоо максатында биргелешип рейддик иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды.

Ошондой эле тротуарларда, жол жээктеринде соода кылып жаткандарга рейд жүрүп, айрымдарына эскертүү берилди», — деп жазылат билдирүүдө.