Кылмыш-кырсык
Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2 айга камакка алынды
Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, чечим кечээ, 28-январда чыккан.
«Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 28-январдагы токтомуна ылайык, Абылгазиевге карата бөгөт коюлду. Ал 26-мартка чейин УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынды», — деп жазылат маалыматта.
УКМК 26-явнарда Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго мыйзам бузуп кол койгон деген шек менен кармалган.