Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевден жаңы Баш мыйзамды жазып бүткөн Конституциялык кеңешме, Курултай институту жана 93-жылы легендарлуу парламент тарабынан жазылган Баш мыйзам тууралуу пикирин сурап кайрылдык. Төмөндө эл өкүлүнүн жообу өзгөртүүсүз берилди:

«Конституциялык Кеңешме – бул мыйзамдуу мамлекеттик орган эмес, бул Талант Мамытов өз ыктыяры менен каалаган кишилерин топтоп түзүп койгон кеңешме. Булар толук элдин өкүлдөрү деп айта албаймын. Буларды депутаттар сунуштаган өзгөртүү, толуктоолорго өзүнүн пикирин билдирген орган деп эсептесек болот. Алар талкуулап, карап чыгып өздэрүнүн сунуштарын айтып, кайрадан депутаттарга кайтарып бериш керек, болгону ушул.

Акыркы жылдары элибиздин башын айландырып жатабыз. Курултай деген байыркы кыргыздардын башкаруу органы болгон. Бул жерде бир аз ката кетирип жатат. Ал мезгилде Мамлекет болгон эмеспиз да Курултай деп илгерки эпостордо айтылган нерсе бар. Жакынкы тарыхыбызда мындай болгон эмес. Бирок Курултай керек, мисалга алсак жакынкы өнүгүү маселе боюнча же кандайдыр бир Кыргызстандын принципиалдуу, кординалдуу багыттары боюнча элдин пикирин уккан да жакшы болмок эле.

А бирок Курултай орган катары кандайдыр бир башкаруу укуктарын берген башаламандыкка алып барышы мүмкүн. Мисалга 300–400 дөн ашык айыл өкмөт, 45 тен ашык район, 25 шаар болуп ар бир өкүлдөрү болсо бир 500 дөн топтолот . Анда ал жерде бир пикирге келүү өтө кыйынга турат го дейм. Кеңешме катары Курултай болуш керек, албетте.

1993-жылда кабыл алынган Конституция бул – эң жөнөкөй көптөгөн нерселерге жазылган эмес. Бир жагынан жакшы, бир жагынан түшүнбөстүктөр болуп калат. Албетте, ал мыйзамды көчүрмө кылып алып келгенге бир аз шарт өзгөрүлүп кетти, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү керек, азыр мүмкүнчүлүктөр башкача болуп калды. 1993-жылдагы мыйзамда президент жана парламенттин жүрүм-туруму, укуктары так жазылган» – дейт Исхак Масалиев.

Даярдаган Орозгул Аташова.

Булак: Kadam-media.kg