Кылмыш-кырсык

УКМК ККК: Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелип кармалды

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, КР УКМК ККК тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы «А.Н.С.» тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талапкылуу фактысы боюнча кылмыш иши аныкталды.

Такталгандай, кармалган «А.Н.С.» кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке материалдык баюуну көздөп, кызматка дайындоо жөнүндө оң чечим чыгаруу үчүн мамлекеттик жетекчи кызмат орундарынын бирине талапкерден өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылган.

Бул факт боюнча КР УКМК ККК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талапкылуу) кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

2021-жылдын 30-январында жүргүзүлүп жаткан тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында «А.Н.С.» кармалып, КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгына киргизилди.

КР УКМК белгилегендей, Кыргыз Республикасында болуп жаткан коомдук-саясий процесстердин кадрларды дайындоо менен кошо мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча өлкөнүн жогорку жетекчилигинен уруксат алуу шылтоосу менен акча талап кылуу учурлары, Мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн мындай иш-аракеттери «Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына карама-каршы келет жана ээлеген кызматына жана артыкчылыктарына карабастан, колдонуудагы мыйзамдардын толук көлөмүндө басылып калат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button