Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Анаркулов Нургазы Сеитказыевич берген арызынын негизинде Кыргыз Респубикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Анаркулов Нургазы Сеитказыевич берген арызынын негизинде Кыргыз Респубикасынын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 30-январда ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалган.