2021-жылдын 1-февраль күнү саат 20:00 чамасында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө  Кашат айылындагы үйлөрдүн биринде  54 жаштагы И.Ж. менен анын уулу  29 жаштагы Ы.К.нын жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Бул окуя Ысык-Көл РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренеси  (Өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБдин жана Ысык-Көл ОИИБдин тергөө-ыкчам тобу чыгып барган учурда үйдүн кире бериш бөлмөсүндө баштарында катуу нерседен жаракат алышкан аял киши И.Ж. менен анын уулу Ы.К.нын жансыз денелерин табышкан. Кылмышка шектүү жаран качып кеткен.

Алдын ала териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда, кылмышка шектүүнүн өздүгү   аныкталып,  азыркы учурда издөөгө алынды.

Азыркы учурда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү жана областтык милиция кызматкерлери тарабынан  сотко чейинки өндүрүш иштер боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүү жаранды издөө жана кармоо иш-чаралары улантылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 ИИМдин Басма сөз кызматы