Бүгүн конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өкмөттүн жаңы курамын карап жатат. Буга чейин премьер-министрликке сунушталган Улукбек Мариповдун талапкерлиги коалициялык көпчүлүк тарабынан жактырылган.

Жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамы 16 өкмөт мүчөсүнөн турат.

Тизме:
— премьер-министр – Улукбек Марипов;
— биринчи вице-премьер-министр – Артём Новиков;
— экономика жана финансы министри – вице-премьер-министр – Улукбек Карымшаков;
— өкмөттүн аппарат жетекчиси – Жеңиш Асанкулов;
— коргоо министри (президент менен макулдашуу боюнча) – Таалайбек Өмүралиев;
— тышкы иштер министри – Руслан Казакбаев;
— юстиция министри – Асел Чыныбаева;
— саламаттыктык сактоо жана соцөнүктүрүү министри – Алымкадыр Бейшеналиев;
— билим берүү министри – Алмазбек Бейшеналиев;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри – Кайрат Иманалиев;
— өзгөчө кырдаалдар министри – Бообек Ажиев;
— ички иштер министри – Улан Ниязалиев;
— транспорт, архитектура жана байланыш министри – Гулмира Абдралиева;
— энергетика жана өнөр-жай министри – Кубанычбек Турдубаев;
— айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри – Аскарбек Джаныбеков;
— улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (президент менен макулдашуу боюнча) – Камчыбек Ташиев.