Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы февраль айындагы репертуарын жарыялады.
Кыштын акыркы айында көрүүчүлөр үчүн бир нече концерттик программалар уюштурула турганы маалым болду.
- 5-февраль — КР авиациясына эмгек сиңирген ардактуу ардагер Козубековдун мааракелик иш-чарасы жана Чалагыз Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерттик программасы. Башталышы: саат 14:00;
- 10-февраль — КР эл артисти Султан Каримовго колдоо көрсөтүү үчүн уюштурулган концерт. Башталышы: саат 18:00;
- 13-февраль — «Кош жылдыз» концерттик долбоору. Башталышы: саат 18:00;
- 14-февраль — №14 музыкалык мектептин тарбиялануучуларынын концерттик программасы. Башталышы: саат 14:00 (Кичи зал);
- 14-февраль — «Поэзия жана ыр кечеси». Башталышы: саат 18:30 (Чоң зал);
- 20-февраль — Мекенди коргоочулар күнүнө карата концерт. Башталышы: саат 11:00;
- 26-февраль — «Аваз» теледолбоору. Башталышы: саат 18:30;
- 27-февраль — Улуттук филармониянын камералык оркестринин «Лучшая музыка из лучших мультфильмов» аттуу концерттик программасы. Башталышы: саат 18:30.