Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун кайрылуу жасады:
«Урматтуу депутаттар!
Кыргызстан эли, анын ичинде биз, Жогорку Кеңештин депутаттары, өткөн жылдын аягында жана быйылкы жылдын башында өлкө жана эл тагдырын чечкен зор тарыхый окуялардын күбөлөрү жана анын активдүү катышуучулары болуп, чоң сыноодон өтүп, мамлекеттүүлүгүбүздү жана туруктуулукту сактап кала алдык.
Ушул жылдын 10-январында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум болуп өттү. Кыргызстан эли Жапаров Садыр Нургожоевичке зор ишеним көрсөтүштү. Ал шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгүнүн добушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды жана элибиз президенттик башкаруу формасын тандашты.
Кыргызстан эли башынан далай оор сыноолорду, тар жол тайгак кечүүлөрдү өткөргөн, эркиндикти туу туткан, азаттыкты самаган, чындык жана адилеттүүлүк үчүн тайманбай күрөшкөн баатыр эл.
Анын ачык далили 2005-жылкы март, 2010-жылкы апрель жана 2020-жылы 5–6-октябрда болуп өткөн окуялар. Кыргызстан ушул жылдын 10-январында Президенттин шайланышы менен өзүнүн тарыхынын жаңы барагын баштады, кайра жаралууга, жаңыланууга жол алды. Мына ушулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында да жаңы милдеттерди коёт.
Урматтуу депутаттар, ушундай өлкөнүн тагдыры кыл көпүрөдө турган учурда, сиздер ар кандай партия жана саясий көз караштарды тутканыңыздарга карабастан эл тагдырын, мамлекеттин кызыкчылыгын, бүтүндүгүн жана биримдигин жогору тутуп, өлкөнү мыйзамдуу укуктук талаасына алып келүүгө, тез арада легитимдүү мамлекеттик бийлик органдарын калыбына келтирүүдө, калктын аракетин жаратмандык, түзүүчүлүк иштерге багыттап, жоопкерчиликти жана ынтымактуулукту көрсөттүңүздөр.
Өлкөбүздүн эртеңки өнүгүүсү, шыдыр жолго түшүүсү үчүн жасаган ушул аракеттериңиздерге жана колдооңуздарга терең ыраазычылык билдиремин!
Жогорку Кенеш – мамлекет жана жалпы эл менен шайлоочулар алдындагы парзыбызды абийирдүүлүк, жогорку жоопкерчилик менен аткара алдык. Учуру келгенде тарых буга да өз баасын берет деп эсептейм.
Чынында эле 2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуялар элибизге оор сыноолорду алып келди. Саясий абал өтө курчуп, өлкө тагдыры туңгуюкка кептелди. Ошол кыйын, кысталыш учурда өлкөдөгү жападан жалгыз легитимдүү мамлекеттик бийлик органы катары Жогорку Кеңеш бардык милдетти, жоопкерчиликти өзүнө ала алды. Өлкөдө баш аламандыкка, талап-тоноочулукка жол бербөөгө, мамлекеттик жана өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишин тез арада жөнгө салууга, саясий жана экономикалык туруктуулукту калыбына келтирүүгө, тирешүү, чыңалууну басаңдатууга, бардык жерде мыйзамдуулукту орнотууга багытталган чараларды көрө алды.
Мына ошондой кырдаалда сиздер, урматтуу депутаттар, мага да чоң ишеним көрсөтүп Жогорку Кеңештин Төрагалыгына шайладыңыздар. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин да аткаруу мага жүктөлдү.
Мен сиздердин колдооңуздар менен мага жүктөлгөн кызматтык милдетимди жоопкерчиликтүү аткарып, бардык аракетимди өлкөдөгү саясий-экономикалык абалды турукташтырууга, мамлекеттик органдардын иш–аракетин жандандырууга, эл аралык мамилелерди жөнгө салууга, мөөнөтүнөн мурда белгиленген шайлоо жана референдумду таза, ачык өтүшүнө жумшадым.
Сиздер менен, урматтуу депутаттар, ошондой татаал, кыйчалыш кырдаалга, кыйынчылыктарга чогу туруштук бердик, бардык жүктү биргелешип көтөрө алдык.
Мамлекет, эл тагдырын чечкен, саясий-экономикалык кризисти жеңилдеткен жана башка ченемдик укуктук актыларды өз убагында , кыска аралыкта кабыл алып бердик.
Өлкөбүздөгү туруктуулукту, экономиканын өз нугунда өнүгүшүн, эл чарбасынын калыбына келишин, эл аралык мамилелердин, алыскы жана жакынкы өлкөлөр менен алакалардын, эки тараптуу келишимдердин так сакталышын жана ырааттуу жүзөгө ашырылышын да камсыз кылдык.
Жогорку Кеңеш өлкөдөгү абалды турукташтырууга түздөн-түз таасири тийген чечимдерди, мыйзамдарды жана бир катар эл аралык келишимдерди ратификациялаган мыйзамдарды кабыл алып берди.
Эл аралык маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы катары Россияга болгон иш сапарымдын алкагында Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин, Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Михаил Мясникович, КМШ аткаруу комитетинин Төрагасы Сергей Лебедев менен болгон эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр да абдан үзүрлүү, натыйжалуу болду. Парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө, ЕвразЭС алкагындагы кызматташтык, соода-сатык мамилелерди жөнгө салуу, тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштиктүү багыттар белгиленди. Ушундай натыйжалуу, жемиштүү аракеттер Кыргыз парламентинин ордун жана кадыр-баркын арттырууга сөзсүз өбөлгө болду.
Жаны шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич кызматына киришип, ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө – өлкөнү өнүктүрүү, саясий-экономикалык туруктуулукту калыбына келтирүү, эл аралык мамилелерди жакшыртуу, улут аралык ынтымакты бекемдөө, коррупция менен күрөшүү, мамлекеттүүлүктү чыңдоо маселелерине айрыкча басым жасады. Бардык саясий күчтөрдү, мамлекеттик органдарды түзүүчүлүк иштерге чакырды. Бул багыттардагы алгачкы жарлыктарын да жарыялады.
Жаңы шайланган Президентибизге чоң-чоң ийгиликтерди каалап, мамлекетти адилеттүү башкарып, жалпы элибиз үчүн ак жолтой болушун каалаймын.
Ошону менен бирге Жогорку Кеңештин алдында да ушундай жогорку милдеттерди жүзөгө ашыруунун зор жоопкерчилиги турат. Өз ыйгарым укуктарыбыздын чегинде өлкө үчүн керектүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу аркылуу мезгилдин өктөм талабы менен кошо мындан ары да максатташ болобуз деп чын дилимден ишенем.
Элибизге зарыл болгон мыйзамдарды кечиктирбестен, өз убагында кабыл алууга жетишип, тарых жана шайлоочулар алдындагы парзыбызды абийирдүүлүк менен өтөп, эл ишенимин актап, жүзүбүз жарык болушун баарыбызга каалайм.
Кыргызстан биздин жападан жалгыз сүйүктүү өлкөбүз. Анын келечеги өзүбүздүн колубузда. Ынтымакта болсок бардык тоскоолдуктарды татыктуу өтүп, элибиз менен чогу ийгиликтерге жетебиз.
Дагы бир жолу колдоо көрсөткөн жалпы кыргызстандыктарга жана урматтуу кесиптештерим – силерге ыраазычылык билдирем!»
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы