Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык, эми маданият мекемелеринде тартууланып жаткан концерттердин афишаларында жана билеттеринде “жандуу үн” же “фонограмма менен” деп милдеттүү түрдө жазылышы керек. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Бул буйрук Кыргыз Республикасынын “Фонограммалар жөнүндөгү” мыйзамын аткарууга жана керектөөчүлөрдүн (көрүүчүлөрдүн, угуучулардын) укуктарын коргоо жана музыкалык искусствону өнүктүрүү максатында, ошондой эле, чыгармачылыкка ынтызар болгон аткаруучулардын дараметин өнүктүрүүгө, аларды калың катмарга таанытуу багытын көздөп ишке ашып жатат”,- дейт Нуржигит Кадырбеков.

Мыйзамдын 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык, фонограммалардын түрлөрүн билеттерде, афишаларда, жарнактарда жана башка нерселерде көрсөтпөстөн, маданий-массалык иш-чараларда музыкалык чыгармаларды аткаруучулардын кызмат көрсөтүүсүнө жол берилбейт.

Буга чейин Маданият министрлигинде фонограмманы колдонуу ыкмасы, анын таасири жана жандуу үн темасы Кыргыз маданиятынын бир катар өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкуу болуп, ал колдоо тапкан.