Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталган Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы каралып, жыйынтыгында тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

Жыйын учурунда бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, жаңы өкмөттүн түзүмүнө, курамына байланышкан сунуштар берилди.

Кабыл алынган өкмөттүн жаңы курамы төмөндөгүчө:

— Марипов Улукбек Асамидинович — Кыргыз Республикасынын премьер-министри;

— Новиков Артём Эдуардович- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

— Кармышаков Улукбек Тойчуевич — Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри — вице-премьер-министри;

— Асанкулов Жеңиш Асанкулович — өкмөттүн аппаратынын жетекчиси — министри;

— Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович (президент менен макулдашуу боюнча) — Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

— Казакбаев Руслан Айтбаевич — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

— Чынбаева Асель Рыспековна — Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович — Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри;

— Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич — Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

— Иманалиев Кайрат Олжобаевич — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

— Ажикеев Бообек Эргешович — Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

— Ниязбеков Улан Омоканович — Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

— Абдралиева Гулмира Курманбековна — Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;

— Турдубаев Кубанычбек Апышевич — Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;

— Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович — Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;

— Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич (президент менен макулдашуу боюнча) — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;