Президент Садыр Жапаров ыр жазды. Бул тууралуу фейсбук колдонуучу Мукай Керимбаев баракчасына жазып чыкты.
«Аккан суудай шар агабыз шашылып,
Адашпайлы биз адамдар аңтарылып чачылып.
Кээде байкап кээ бир кээ бир адамдардын мүнөзүн,
Таң каласын айлаң кетип баш кагып».
Урматтуу мекендештер, келечекти тегиз калыс карайлы. Биз баардыгын жеңебиз. Жеңишке жетүү үчүн бир гана Элдин ишеними бекем болуусу керек!
Алдыда дагы жок дегенде 6 ай убакыт талап кылынат, ага чейин кечээ бекиген жаңы өкмөттүн мүчөлөрү өзүнүн ишин элге иштеп көрсөтөт.
Ал арада жаңы даярдалган конституция жана жаңы мыйзамдар кабыл алынышы күтүлүүдө.
Жаңы кабыл алынган конституциянын жана жаңы мыйзамдардын негизинде жаңы реформалар, жаңы өзгөрүүлөр, жаңы таза профессионал кадрлар дыкат конскурстук текшерүүдөн өтүп келүүсү мыйзамдын чегинде гана жүрөт
Премьер-министр кызматы жоюлат, ошону менен кошо бирин бири кайталаган мамлекеттик иш каналар кызматтар жокко чыгарылат. Бул этап процесстерди басып өтүү үчүн убакыт талап кылынат, — дейт Садыр Жапаров