УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын үстүнөн дагы бир иш боюнча сотко чейинки териштирүү баштады. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты. Маалыматта айтылгандай, бул иште Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасынын дагы катышы бар экени аныкталып, териштирүү башталган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө сот бийлигинин айрым өкүлдөрү өткөн жылдын февраль айында жеке кастыктан улам интернетке башка судьянын беделин түшүргөн видеоматериалдарды интернетке жарыялап, муну менен кесиптешин жоопкерчиликке тартууну максат кылышканы аныкталган.
Бул окуядан кийин Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева видеотасмадагы судьяны жоопкерчиликке тартуу боюнча Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына сунуш киргизген.
«Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасы соттук процессти жумуштагы компьютеринин мониторунан чөнтөк телефонуна тартып алып, соттолуучунун үнүн атайын азайтып, кастык мамиледеги кесиптешинин беделин түшүрүүнү максат кылган», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Жогорку соттун төрайымы бул боюнча мыйзамдуу чараларды көрүүнүн ордуна ишти жаап-жашырууга шектелүүдө.
Аталган факт Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен сотко чейинки териштирүүгө алынган.
Буга чейин УКМК «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча козголгон ишке Калиеванын да тиешеси бар экенин билдирген болчу.