КР Эсептөө палатасынын аудитору Айжан Садыркуловага анын Эсептөө палатасынын аудиторунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруу жүктөлдү.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.