“Кең-Булуң – унаа жолу” жана “Токмок – унаа жолу” өткөрүү бекеттери мамлекеттик чек арадан адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрө баштады. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетитинин (УКМК) Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдирди.

2021-жылдан 8-февралына карата кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында 5 унаа өткөрүү пункту иштеп жатат: Чүй облусунда “Ак-Тилек – унаа жолу”, “Чалдыбар – унаа жолу”, “Кең-Булуң – унаа жолу”, “Токмок – унаа жолу” жана Талас облусунда “Чоң-Капка – унаа жолу”.

Жүктүү темир жол курамын өткөрүү “Кайыңды – темир жол” бекетинде ишке ашырылууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, “Ак-Тилек – унаа жолу”, “Чалдыбар – унаа жолу”, “Кең-Булуң – унаа жолу” өткөрүү пунктарында КР Өкмөтүнүн 2020-жылы 17-мартта №84 буйругунун талаптарына ылайык, жарандар жана оор жүк ташуучу транспорт каражаттары өткөрүлүп жатат.

“Кең-Булуң – унаа жолу” өткөрүү пункту аркылуу адамдар жана траспорт каражаттары, андан тышкары, Кыргызстандан Казакстанга бара жаткан бош жүк ташуучу унаалар өткөрүлүүдө.

“Токмок – унаа жолу” өткөрүү пункту адамдар жана транспорт каражаттары үчүн гана ачык (жукту жана товарларды алып өтүүгө болбойт).

Эске сала кетсек, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү Казакстан Республикасынын талаптарына ылайык чектөөлөр менен, андан тышкары, COVID-19га ПЦР-тесттин 72 саат аралыгындагы оң жыйынтыгынын негизинде ишке ашырылууда.

Мамелекеттик чек арадан өткөрүү пункттары штаттык режимде жүргүзүлүүдө.