“Абийир тапса баласы, атасына бак конот”- дегендей, абийирин милиция менен спортто тапкан милициянын кенже сержанты Бейшеналиев Тоялы Бейшеналиевич учурда ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун Ош шаарында жайгашкан №3 батальонунун кызматкери.

Ал 2021-жылдын 31-январь күнү Ош шаарында болуп өткөн “Греплинг” боюнча эл аралык ачык чемпионатында өз күчүн сынап, 86 кг салмак категориясында байгелүү 2-орунду ээледи. Бейшеналиев Тоялы Бейшеналиевич 1997-жылы Жалал-Абад облусунун, Чаткал районунун Башкы-Терек айылында туулган. Спортко биринчи кадамын 16 жашында Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт комплексинде эркин күрөш менен машыгуудан баштаган. Ал эми 2016-жылдан тарта Ош шаарындагы “Алыш” спорт комплексинде спорттун самбо түрү менен машыга баштаган. Жетишкендиктерин айтып кетсек,  2015-жылы Жалал-Абад облусунун эркин күрөш боюнча ачык чемпионатында 2-орунду ээлеген. 2016-жылы самбо боюнча Оштун ачык чемпионатында 2-орунду багындырган. 2017-жылы Бишкек шаарында болуп өткөн самбо боюнча эл аралык турниринде 3-орунду, ошол эле жылы Чүйдүн биринчилигинде 1 -орунду ээлеген. 2018-жылы джиу-джитсу боюнча Азиянын чемпионатына тандоо турниринде 3-орун, ошол эле жылы джиу-джитсу боюнча Кыргызстандын чемпионатында 2-орунду ээлеген. 2019-жылы самбо боюнча Кыргызстандын чемпионатында 3-орун, В.Гордеев элесине арналган самбо боюнча эл аралык турниринде 3-орун, Оштун ачык чемпионатында 1-орунду ээлеген.

“Спорт ар бир адам үчүн өзүнүн жашоосун жакшы нукка буруу болсо, ал эми милиция кызматкери үчүн өзүн физикалык жактан даярдыгын өнүктүрүү”,-деп эсептейт милициянын кенже сержанты Тоялы Бейшеналиев.

Каарманыбыздын бул жетишкендиктерине атасы Молдалиев Бейшеналы менен машыктыруучусу Анарбаев Акжол чоң салымын кошуп ар качан колдоп келет.

 

ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы