Бул тууралуу Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал, мамлекеттик кызматка барбай деле элге жардам берсек болот деген оюн билдирди.

“Мен азыр эс алып, дарыланып алайын деп жатам. Өз эрким менен жумуштан кеттим. Мени эч ким кетирген жок. Бул менин жеке чечимим.

Андан сырткары мен кайсы кызматка барам бул маанилүү эмес. Маанилүү нерсе өлкөнүн биримдиги, бүтүндүгү. Мени айтышыңар мүмкүн алдыдагы иштерин аткарбай кетти деп, ал иштер буюрса ишке ашат деген ойдомун.

Мамлекеттик кызматка барбай деле элге жардам берсек болот. Мен таза иштедим деп айта алам, текшерсеңиздер чыгат баары. Бир да адамдын акысын жебегенге аракет кылдым. Бир адамдын акысын жеген адам эч качан адам болбойт”,-деп деген.