Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кетти. Бул тууралуу ошол чөйрөдөгү ишенимдүү адамдарга таянуу менен айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ал эми муфтият бул маалыматты ырастай элек. 

Белгилей кетсек, бүгүн УКМК КМДБдин кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып мекеменин эсепчисин кармаган.

Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылат.

Эскерте кетсек, Максатбек Токтомушев аталган кызматка 2014-жылы дайындалган.

Өз кезегинде коомчулукта бул боюнча элдин дин чөйрөсүндөгү адамдарга ишенимдин жоголуп баратканын айтып, бир топ терс пикирлер жаралып жатат.